Караханийлер ордосу, көлдөр жана жайлоолор: Кыргызстандын түштүгүндө эмнелерди көрүүгө болот?

Туристтик сезон кызып турган маалда кыргызстандыктар менен чет өлкөлүк коноктордун көңүлүн өлкөнүн түндүгүндөгү белгилүү туристтик жайлар гана эмес, жаңы ички авиакаттамдардын аркасында жетүү жеңилдеген түштүк аймагы да өзүнө бурууда. Буга чейин Reporter.kg Ош шаарынын айланасында бир күндө көрүүгө боло турган жайлар тууралуу жазган. Бул жолу түштүк борборуна жакын жайгашкан дагы бир нече кооз жана тарыхый жайларды сунуштайбыз.
Абшыр-Сай өрөөнү
Абшыр-Сай өрөөнү Ноокат районунда, Ош шаарынан болжол менен 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жер тунук булактары жана байыркы аска сүрөттөрү менен белгилүү.
Өрөөндүн эң белгилүү жери — Абшыр-Ата шаркыратмасы. Анын өзгөчөлүгү — суу тоонун боорундагы тешиктен эки баскыч болуп, бийиктиги 15 жана 12 метр болгон шаркыратма түрүндө агып чыгат. Бул Абшыр-Сай өрөөнүндөгү жер алдындагы дарыянын жер бетине чыккан жери болуп саналат жана табияттагы сейрек кездешүүчү геологиялык кубулуштардын бири катары эсептелет.

Жергиликтүү тургундар Абшыр-Атанын суусун ыйык жана дарылык касиетке ээ деп эсептешет. Ошондуктан бул жерге келип, шаркыратманын суусуна чайканып, өздөрү менен кошо суу алып кеткендер көп.
Уламыш боюнча, бул шаркыратма ыйык карыя таягын аскага урганда пайда болгон. Алгач булактан суу эмес, сүт агып чыккан экен. Бирок убакыт өтүп, адамдар бул кереметтин баркын билбей калганда, жогорку күчтөр сүттү кайра сууга айлантып коюшкан дешет.
Шаркыратманын жанында Котур-Булак, же Шыпа-Булак деп аталган булак жайгашкан. Эл арасында анын суусу кыркка жакын ооруну айыктырат деген ишеним бар.
Ушул эле капчыгайдын жогору жагында, шаркыратмадан болжол менен 10 чакырым алыстыкта чакан Абшыр-Сай көлү жайгашкан.
Мындан тышкары, бул аймактан байыркы аска сүрөттөрүн жана 1950-жылдары флюорит (плавик шпаты) казылган эски штольняларды да көрүүгө болот. Бирок коопсуздук үчүн алардын ичине кирбөө сунушталат.
Караханийлер ордосу
Бир күндүк саякат үчүн дагы бир кызыктуу багыт — Жалал-Абад облусундагы Өзгөн шаары. Ал Ош шаарынан 55 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Илгери Өзгөн Улуу Жибек жолундагы ири соода борборлорунун бири болгон. Ошондой эле Караханийлер мамлекетинин борбор шаарларынын бири катары тарыхта белгилүү. Бүгүнкү күнгө чейин бул жерде ошол доордон калган уникалдуу архитектуралык эстеликтер сакталып калган.

Шаардын эң белгилүү тарыхый жайы — XI–XII кылымдарда курулган Өзгөн архитектуралык комплекси. Анын курамындагы дээрлик 40 метр бийик мунара алгач чоң жума мечитинин бир бөлүгү болгон. Ал азан чакыруу менен катар күзөт мунарасы катары да кызмат кылган. Дээрлик миң жыл өтсө да, мунаранын дубалдарындагы ошол доорго таандык кооз геометриялык оймо-чиймелер бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталган.
Мунаранын жанында үч күмбөз жайгашкан. Окумуштуулар анда Караханийлер династиясынын башкаруучулары коюлган деп болжолдошот. Күмбөздөр бышкан кыштан курулуп, терракота менен кооздолгон. Алардын дубалдарында араб жазуулары жана геометриялык оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Бул комплекстин баары Борбор Азиядагы Караханийлер доорунан калган эң жакшы сакталган архитектуралык эстеликтердин бири болуп эсептелет.
Комплексти көргөндөн кийин Өзгөндүн эски базарын да кыдырып чыгууга болот. Ал кылымдар мурдагыдай эле бүгүнкү күндө да жергиликтүү жашоонун борбору бойдон калууда. Бул жерден түштүккө мүнөздүү атмосфераны сезип, жаңы бышкан тандыр нанынан, жергиликтүү мөмө-жемиштерден даам татып, шаар тургундарынын күнүмдүк жашоосуна күбө боло аласыз.
Көлдөрдүн шурусу
Кыргызстандын түштүгү кооз тоо көлдөрү менен да белгилүү. Алардын эң белгилүүсү — Кулун көлү. Ал Ош облусундагы эң чоң бийик тоо көлү болуп, Кара-Кулжа районунда деңиз деңгээлинен 2856 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдөр системасы Чоң Кулун, Орто Кулун жана Кичи Кулун деген үч көлдөн турат. Алардын жалпы узундугу 4,6 чакырымды түзөт.
Кулун көлүнө жетүү үчүн Ош шаарынан 300 чакырымдай жол жүрүп, андан соң Теңир-Тоодогу Фергана кырка тоосунун батыш капталындагы Кулун-Ата мамлекеттик коругундагы тоо жолу менен өтүү керек. Көлгө чейин дагы болжол менен 20 чакырымдык жолду жөө же ижарага алынган ат менен басып өтүүгө болот.

Эгер эрте жолго чыгып, бийиктикке чыгууга даяр болсоңуз, анда Тулпар-Көлгө да барып келүүгө болот. Ал Ачык-Таш альпинисттик лагеринин жанында, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдүн мөлтүр тунук суусу, кызыл адырлары, жашыл жайлоосу жана аппак кар баскан чокулары өзгөчө кооз көрүнүш жаратат. Ошондуктан бул жер сүрөтчүлөр менен саякатчылардын эң сүйүктүү жайларынын бири. Аба ырайы ачык күндөрү көлдүн бетинен жети миң метрлик Ленин чокусунун элеси көрүнөт.
Оштон Тулпар-Көлгө чейин болжол менен 300 чакырым жол жүрүп, 5–6 саат убакыт кетет. Кааласаңыз, көлдүн жанындагы боз үй лагеринде түнөп калууга болот.
Убактысы аз болгондор үчүн жакшы альтернатива — Кежиге-Көл, же Изумруд көлү. Ал Алай тоолорундагы каптал өрөөндө, Ош–Сары-Таш жолунан болгону 3,5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул көлгө жетүү жеңилирээк, ал эми жөө маршрут эки сааттай гана убакытты алат. Деңиз деңгээлинен болжол менен 2400 метр бийиктиктеги көл жай мезгилинде сууга түшүү үчүн жергиликтүү тургундардын сүйүктүү жайларынын бири.

Ошко эң жакын көлдөрдүн бири — Сүйүү көлү. Ал Алай районунда, шаардан болжол менен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Көл жүрөк формасында болгондуктан ушундай атка конгон. Көлгө чейин жеңил жөө маршрут бар. Мындан тышкары, Оштогу туристтик компаниялар каалоочулар үчүн көлдө кайык менен сейилдөөнү да сунушташат.
Маанилүү: Тоого чыгуу, бийиктик анча чоң болбосо да, шаардагы сейил бакта баскандай жеңил эмес. Андыктан аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана тоо оорусуна даяр болуу керек. Өзүңүз менен сөзсүз жылуу кийим, ыңгайлуу бут кийим жана күндөн коргоочу крем алып жүрүңүз. Анткени тоодо күндүн нуру абдан күчтүү болот.
Елена Короткова