«Декарис» дарысын жүгүртүүнү токтотуунун себеби катары лейкоэнцефалопатия коркунучу аталды

29.07.2026 | 12:33
«Декарис» дарысын жүгүртүүнү токтотуунун себеби катары лейкоэнцефалопатия коркунучу аталды — Новости Кыргызстана

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти Reporter.kg басылмасына «Декарис» дары препаратын жүгүртүүнү токтотуунун себептери тууралуу айтып берди.

Мекеменин маалыматы боюнча, каттоо күбөлүгүнүн ээси коопсуздук боюнча маалыматтардын негизинде жана Европа дары-дармек агенттигинин (EMA) сунуштамасына байланыштуу департаментке «Декарис» дары препаратынын каттоо күбөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө кат жөнөткөн.

Буга чейин EMA левамизол камтыган препараттардын коопсуздугун баалагандан кийин, алардын каттоо күбөлүктөрүн чакыртып алууну сунуштаган.

Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, Бишкектин дарыканаларында адамдар үчүн колдонулуучу левамизол көбүнчө «Декарис» соода аталышы менен белгилүү.

Белгиленгендей, EMA алдындагы Фармакокөзөмөл тармагындагы тобокелдиктерди баалоо боюнча комитети (PRAC) чоңдордогу жана балдардагы мите гельминтоздорду дарылоодо левамизол камтылган препараттардын пайдасы аларга байланыштуу тобокелдиктерден (коркунучтардан) ашпайт деген жыйынтыкка келген.

Европалык адистердин маалыматы боюнча, левамизол сейрек кездешүүчү, бирок оор терс таасирди — лейкоэнцефалопатияны жаратышы мүмкүн. Бул оору мээнин ак затынын жабыркашы менен коштолуп, оор кесепеттерге алып келиши жана өмүргө коркунуч туудурушу ыктымал.

Баалоонун жүрүшүндө татаалдашуу препаратты бир жолу ичкенден кийин деле пайда болушу мүмкүн экени, ал эми анын белгилери дарылануудан бир нече ай өткөндөн кийин да билинери аныкталган. Ошол эле учурда адистер бул татаалдашуунун өнүгүү коркунучу жогору же төмөн болгон бейтаптардын тобун аныктоого мүмкүндүк берүүчү факторлорду табышкан эмес.

EMA ошондой эле Евробиримдик өлкөлөрүндө мите гельминтоздорду дарылоо үчүн альтернативалуу (алмаштыруучу) препараттар жеткиликтүү экенин белгилеген.

Дарылоонун башка варианттары бар экенин жана оор терс таасирлердин өнүгүү коркунучун эске алуу менен, комитет левамизолдун негизиндеги препараттардын каттоо күбөлүктөрүн чакыртып алууну сунуштады.

Сунуштама дары-дармектердин коопсуздугуна дайыма мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарына, борбордук нерв системасынын лейкоэнцефалопатия жана демиелинизация учурлары жөнүндө билдирүүлөргө, илимий басылмаларга, ошондой эле көз карандысыз эксперттердин жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) пикирлерине негизделген.

Анара Мамытова

Scroll to Top