Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Баткен шаарында асфальт-бетон чыгаруучу завод ачылат
15.05.2025 | 09:25
Баткен шаарында асфальт-бетон чыгаруучу завод ишке берилет. Анын ачылышы 31-август, өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн пландалган. Бул тууралуу президенттин Баткен облсунудагы өкүлчүлүгү билидрди.
Маалыматта айтылгандай, учурда ишкана бардык керектүү жабдуулар менен жабдылып, асфальт жана шагыл чыгарууга толук даяр.
“Заводдун иши толугу менен автоматташтырылган. Адистер чоң техникаларды компьютер менен башкарат. Жалпы 30га жакын адам жумуш менен камсыз болот. Ишкана күнүнө 1000 тонна асфальт чыгаруу кубаттуулугуна ээ”,- деп айтылат маалыматта.
Заводду ишке киргизүү үчүн жеке ишкер Тынчтык Курбанбеков 45млн сом инвестиция салган.
Бул завод Баткен облусундагы автожолдорду куруудагы асфальтка болгон муктаждыкты азайтары айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика