Каракол лыжа базасында асылма отургучтар үзгүлтүккө учурады (ВИДЕО)

Каракол лыжа базасында асылма отургучтар үзгүлтүккө учурады (ВИДЕО)

Каракол лыжа базасында тоого алып бара турган асылма отургучтар үзгүлтүккө учурады. Бул учурду чагылдырган видео социалдык тармактарга тарады. Бул видеодон асылма отургучтар тескери иштей баштаганын, тагыраагы, тоону көздөй эмес, ойду көздөй алып жөнөгөнүн, эл бири-бирин куткарып жатканын көрүүгө болот.

Бул окуяны да Ысык-Көл  облустук милициясы тастыктады. Алардын маалыматына караганда, Лыжадагы базада болгон окуя боюнча жерине Ак-Суу райондук милиция кызматкерлери барышкан. Азыркы учурда кызматкерлер эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча трансформатордун кыска туташуусунан улам асма отургучтар карама-каршы тарапка айланып баштаган. Ал эми Каракол лыжа базасынын медициналык борборуна эч ким медициналык жардам сурап кайрылган эмес. Бардык жагдайларды толук жана тыкыр тактоо үчүн жеринде тергөө-ыкчам тобу иштеп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>