Өспүрүм кызды айылдаштары талаада кезектешип зордукташкан

Өспүрүм кызды айылдаштары талаада кезектешип зордукташкан

Жашы жете элек кызымды зордуктагандар жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун 65 жаштагы тургуну О.Базаркүл “Турмуш” басылмасына айтып чыкты.
Анын айтымында, бул иш боюнча милициянын аракетинде жылыш болбой жатат.

«Окуя ушул жылдын 8-июнунда болгон. Жашы жете элек кызым (жээни) Бишкекте республикалык ооруканада төрөдү. Ал жакка биз жаш кыздын бетин ачпайлы деп жөнөткөнбүз. Кош бойлуу экенин 6 ай болгондо билип калганбыз. Төрөгөндө милицияга катталып, анан тергөө иштери башталган. Өзүбүздүн эле кошуналар, айылдагы балдардан бири-бирин айтып олтуруп, 20 бала шектүү катары түшкөн.

Кызыбызды биз үйдө жок кезде, талаага иштеген учурубузда пайдаланышып, улам кезек менен зордуктап жүрүшкөн экен. Андан бери эч кандай иш жылбай жатат. 2 бала менен гана беттештирүү болду. Милицияда башында эле «бир айылдансыңар, элдешкиле» деп айтышкан. Анан мындан болжолу менен 2 ай мурун, айылда аксакалдар сотуна салышты. Бизди ортого алышып, «кызына тарбия берген эмес» деп аябай көп жаман сөздөр айтылып, ал жерде да териштирүү жүрдү. Ал жерде 230 миң сом берип, элдешкиле деп чечип беришкен. Бирок андан да эч кандай жылыш болгон жок.

Учурда баласына 6 ай болуп калды. Жалаң сатып алып сүт беребиз. Төрөгөндө аябай кыйналып төрөгөнү үчүн эмизүүгө болбойт деп айтышкан. Бала да оорукчан болуп калат деп ойлоп, аябай текшерүүдөн өткөрдүк, таза чыкты.

Биз ушундай нараазы болгонубуз карапайым эл үчүн мыйзам иштебейт экен да. Ушул жерде башка бир чоңдун кызы же байдын кызы болсо качан жыйынтык чыгып калмак эле. Бизди колубуздан эч нерсе келбейт деп мазакташып, күн сайын убара кылып жатышат. Биз ал жерде бир балага гана күнөө артылсын дебейбиз, баары өз жазасын алсын. Кызды уруп, сабап зордукташчу экен. Мен дагы талаа жумуштары, мал менен жүрүп, ушул кыз менен олтуруп, ачык сүйлөшкөн эмес экенбиз. Ар бири кыйнаганы үчүн жооп беришсин», — деди ал.
Ал эми Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул иш боюнча тергөө уланып жаткандыгын белгиледи.

«Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында бардык тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Жабырлануучу көрсөтмө берген жарандардын 15ке жакыны тергөөдө суралды. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.
Окуя тууралуу:

Буга чейин июнь айында Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева 17 жаштагы кыз көз жарганын билдирген.
Анын айтымында, ага Бакай-Ата районунун тургуну арызы менен кайрылып, 2004-жылы туулган кызын айылдагы балдар алсыздыгынан жана ден соолугунун начардыгынан (кем акыл) пайдаланып, бир жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан.

«Учурда иш Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөдө экен. Жакындары иш жеткиликтүү текшерилбей, жыйынтык болбой жатат деп кайрылышты», — деген ал.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы, ушул жылдын 8-июнунда Бакай-Ата РИИБге Бишкек шаарынын 1-Май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан маалыматтардын электрондук журналына катталган материал келип түшкөнүн билдирген. Анда Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө Бакай-Ата районунун 2004-жылы туулган тургуну — кош бойлуу Т.С. (37 жума) түшкөндүгү көрсөтүлгөн. Аталган факт аймактык караштуулугу боюнча Бакай-Ата РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 164-беренесинин (16 жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал учурда кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын кимден кош бойлуу болгондугун аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Таенесинин билдирүүсү:

Андан кийин көз жарган кыздын таенеси бул иш боюнча 20дай тургун сурак берип жатканын айтып берген.

Анын айтымында, жээн небересин үй-бүлөлүү тургундар да зордуктап жүргөн.

«Бул кызымдын кызы, 2004-жылы туулган. Төрөлгөндөн тарта менин колумда. Өзү акыл-эс жагынан артта калгандыктан, мектепте 9-класска чейин гана окуду. Мунун кош бойлуу экенин биз 4,5 ай болгондо билдик. Анда дагы жүрөк ооруткан окуядан кийин билдик. Бир күнү кошуна бала кызымдын стол көтөрүшүп коюусун суранып келди. Мен барып жардам бер дедим. Жарым сааттай жок болуп кетти. Мен сарсанаа болуп аркасынан барсам, эшиги бек экен. Жүрөгүм бир нерсени сезип, катуу тарта баштадым. Ошол маалда эшик ачылып кетти. Кирсем эле баягы кошунанын баласы менен дагы бир кошунанын баласы шымдары тизеге чейин түшүп, менин кызымдын шымы жок, жерде жатат. Үйүндөгүлөр Бишкекте экен. Тиги эки баланы колума таяк алып кубаладым. Анан кызымды алып кеттим. Андан улам-улам сурасам, унчуккан жок. Ошентип чочуп, кызымды аркасынан калбай, кайтарып калдым. Элге айткандан уялдым. Сөөмөйү менен көрсөтпөсүн деп унчуккан жокмун. Баланын апасы Бишкектен келгенде барып айтсам, баласы эч нерсе кылган жокмун деп танып койду. Анан бир аз убакыттан кийин кош бойлуу экенин билип жатабыз.

Элге сөз болбойлу, айыл ичинде сөз болбосун деп, кызды Бишкек шаарына жөнөттүк. Төрөгөнчө ошол жакта жүрдү. 8-июнь күнү төрөп, ошондо милиция кызматкерлери келип, териштирүү башталды. Ушул жерден эсти оодара турган жагдайлар чыкты. Өзү менен теңтуш, керек болсо үй-бүлөсү бар эркектер тергөөдө бири-бирин көрсөтүштү. Мен үйдө жок кезде же огороддо жүргөндө келип, зордуктап жүрүшкөн экен. Азыр 20га жакын бала тергөөдө сурак берип жатат. Кызыбыз өзү толук кандуу жооп бере албагандыктан, биз дагы билбегендиктен тергөө дагы жылбай жатат. Бүгүн Акыйкатчынын бул жактагы өкүлүнө арыз жаздык. Ушул тергөөнү тездетип, акыйкаттуу кылып берсин деп сурандык», — деген ал.
Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, Т.С.нын апасы 2003-жылы турмушка чыккан. 2004-жылы кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Зордукталды делген кыздын апасы 2015-жылы кайрадан турмушка чыгып, кыз таенесинин тарбиясында калган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>