Каракол шаарында унаа уурдагандар колго түштү

Каракол шаарында унаа уурдагандар колго түштү

Каракол шаарынын тургунунун “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү автоунаасын  уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-май күнү Каракол  жергиликтүү тургун кайрылып, 29-майда, болжол менен түнкү саат 05:30 чамасында, короосунда турган “Хонда Аккорд”  үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап качууга аракет көрүшкөндүгүн билдирген.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургуну, 21 жаштагы Т.Н. аттуу жаран, аталган кылмышка шектүү катары кармалган. Шектүүнү өздүк кароо жүргүзүү учурунда, андан “Редми ноут 9” үлгүсүндө уюлдук телефон, 4800 сомду  түзгөн акча каражаты табылып, далил зат катары  алынган. Теришитрүүнүн жүрүшүндө, алынган далил заттар шектүүгө тийешеси жок экендиги аныкталган.

Бул жагдайды иликтегенде, 29-майда, Каракол ШИИБне 1994 жылы туулган  К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аны  белгисиз азия улунтундагы 3 бала сабап, дененсине жаракат келтирип, күч колдонуу менен “Редми ноут 9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана чөнтөгүндөгү 4800 сом акчасын тоноп кеткенин билдирген.

Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, шектүү катары кармалган Т.Н. автоунааны уурдаганга аракет көрүүдөн сырткары,  тоноо кылмышына дагы  өзүнүн тааныштары 2004-жылы төрөлгөн Т.С. жана Ш.И аттуу   шериктештери менен биргеликете кылганын мойнуна алган.

Учурда, милиция кызматкерлери тарабынан тоноо кылмышына катыштыгы бар шектүүлөр Т.С. жана Ш.И. да, кармалышты.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү Т.Нге карата  2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Ал эми, Т.С. жана Ш.И. үй камагына калтырылды.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>