Караколдо 75 жаштагы аялды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Караколдо 75 жаштагы аялды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Каракол шаарында улгайган аялды сүзүп, аны ооруканага жеткиргенден кийин качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-августта саат 15:30дар чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда жол кырсыктан улам улгайган курактагы аялды ар кандай жаракаттары менен ооруканага алып келингендиги маалымдалган болчу.

Катталган маалымат боюнча окуя болгон жерге Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө ыкчам тобу келип, иштин чоо-жайын тактоо боюнча териштирүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жабыркаган аялды сураштырган милиция кызматкерлери, ошол эле күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Пристань-Пржевальск айылчасынын 75 жаштагы тургунун жолдун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден белгисиз унаа сүзүп кеткендигин аныкташкан.

Кырсыктан кийин белгисиз унаанын айдоочусу жабырлануучуну ооруканага жеткирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочуну аныктоо жана кармоо максатында токтоосуз түрдө «Перехват» иш мерчеми киргизилип, эгемендикти майрамдоо күнү коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган бардык милиция кызматкерлерине багыттама берилген.

Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү тарабынан көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жол кырсыгына катыштыгы бар «Хонда» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аныкталып кармалган.

Ал Түп районунун Ичке-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну С.Н. экендиги аныкталып, алгачкы суракта жөө жүргүнчүнү сүзгөн боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Чогулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол ШИИБге өткөрүлүп берилди. Автоунаа айып төлөнүүчү жайга киргизилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>