Караколдо 9-класстын окуучусу асынып каза болду

Караколдо 9-класстын окуучусу асынып каза болду

Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу М.Ж. көз жумду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуучу кечээ, 27-октябрь күнү, кечки саат 21:00-21:30дар чамасында асынып алган. Өз өмүрүнө кол салууга ата-энеси менен уруш себеп болгону айтылат.

“Ошол күнү апасы уулун электрондук тамеки менен кармап алып, ал боюнча атасына айткан. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон”, — дейт министрлик.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева каза болгон баланын үйүнө батага барып, ата-энесине кайрат айтты.

Маркум баланын апасы  №1 инновациялык гимназия-мектебинде география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.

Мекеме электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>