Быйыл 8 айда Кыргызстанга 146,8 млн сомго 2221 баш жылкы жана качыр алып келинген

Быйыл 8 айда Кыргызстанга 146,8 млн сомго 2221 баш жылкы жана качыр алып келинген

Быйыл сегиз айда Кыргызстанга чет жактан 146 млн 816,9 миң сомго 2 миң 221 баш жылкы жана качыр алып келинди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып «Акчабар» каржы порталы жазды.

Былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу быйыл жылкылар 590го аз сатылып алынган.

Жылкылардын көбү Кыргызстанга Орусиядан келген: 91 млн 293 миң сомго 1 миң 707 баш. Польшадан 31 млн 130,7 миң сомго 272 баш сатып алынган. Литвадан 16 млн 868 миң сомго 173 баш келген.

Ошондой эле жылкылар Казакстандан (1 млн 808,8 миң сомго 28 баш), Латвиядан (1 млн 565 миң сомго 20 баш), Өзбекстандан (3 млн 233 миң сомго 13 баш) сатып алынган.

Мындан тышкары, АКШдан Кыргызстанга 652,4 миң сомго 4 баш жылкы жана Аргентинадан 191,9 миң сомго 3 баш жылкы алынып келинген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>