Кылмыш иликтөө башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Кылмыш иликтөө башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

ИИМдин башкармалыктарынын жетекчилик курамына ротацияга байланыштуу жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин буйругуна ылайык, ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалган.

Ошондой эле ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Оролбек Акпаров ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы болуп дайындалган.

«Жаңы дайындалган жетекчилер учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен карап, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү жолдорун таба алышат.Алардын алдында бир топ иштер турат, ыкчам тапшырмаларды аткарууга жаңыча мамиле жасоолору керек», — деп билдирет министрлик.

Оролбек Акпаров

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>