Караколдо батирлерди тоногон топ кармалды

Караколдо батирлерди тоногон топ кармалды

Каракол шаарында батир уурулук менен алектенген кылмыш топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, 15-август күнү Каракол ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылып, түнкү саат 02:00 чамаларында үйүнө келсе, белгисиз жарандар батиринен жеке буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Жабырлануучуга 30 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандар аныкталып, колго түшүрүлдү. Алар Чүй облусунун 35 жаштагы тургуну У.А. жана Жети-Өгүз районунун 16 жаштагы тургуну Н.А. болуп чыгышты жана алгачкы тергөө сурагында жабырлануучунун үйүнөн буюмдарды уурдашканын толугу менен мойундарына алышты.

Андан аркы тергөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары кармалышкан жарандар Каракол шаарынын аймагынан дагы 9 факт батирдик уурулук кылышкандарын аныктоого үлгүрүштү. Алар жабырлануучуларга жалпысынан 240 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Кылмышка шектүү катары кармалышкан жарандар дагы ушундай кылмыштарга тиешестиги бар, же жогу текшерилүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>