«Кумтөр» компаниясына жаңы жетекчи дайындалды

«Кумтөр» компаниясына жаңы жетекчи дайындалды

Барыктабасов Алмаз Батырканович «Кумтөр» компаниясынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге жеке булактар билдирди.

Маалым болгондой, Алмаз Барыктабасов аталган компанияда 20 жылдан ашык убакыт инженер-механик болуп эмгектенген. Ал убагында «Кумтөрдү» улутташтырууга каршы чыгып келген.

“Саясатчылардын кенди улутташтыруу керек деген талабына кошула албайм. Мындай позицияны айтуу менен бул саясатчылар биринчи бизге “Кумтөрдү” ийгиликтүү иштете аларын далилдешсин. Алар кенди иштетүүгө каражатты кайдан табууга даяр экенин атайын айтып береби? Өлкөбүздүн экономикасынын оор абалын көрүп туруп, 2009-жылдагы Башкы келишимди улутташтыруу же денонсациялоо Кыргызстан үчүн пайда алып келерине ишенүүгө болбойт”,  — деп билдирген ал 2013-жылы «Регион.kg» басылмасына берген маегинде.

Буга чейин Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Теңгиз Бөлтүрүк мыйзам бузууларга байланыштуу кызматынан бошотулган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>