Шаршенбековдун Олимпиададагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду

Шаршенбековдун Олимпиададагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Жоламан Шаршенбековдун быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарындагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду.

Азыркы тапта 28-февралдан 1-мартка чейин Мексиканын Акапулко шаарында күрөш боюнча Олимпиадага лицензия бере турган Пан-Америка  квалификациялык мелдеши өтүүдө. Анда Түндүк жана Түштүк Америка континентиндеги өлкөлөрдүн спортчулары Париждеги мелдешке жолдомо алууга ат салышууда. Аталган турнирде 1-2-орундарды алган балбандарга лицензия берилет.

Мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө грек-рим балбандары күрөшүп, 60 кг салмакта жолдомо уткан спортчулар белгилүү болду. Лицензиянын бирөөсүн венесуэлалык Райбер Родригез Орозчо, экинчисин кубалык Кевин Ди Армас Юран алды. Алар — Олимпиадада Жоламан Шаршенбековго атаандаш боло турган спортчулар.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, Райбер Орозчо 33 жашта. Ал Пан-Америка чемпионатында бир ирет алтын (2024-жыл), эки жолу коло уткан (2016, 2023-жыл). 2016-жылы Бразилиядагы Олимпиада оюндарына катышып 18-орунду ээлеген. 2022-жылы Түштүк Америка оюндарында жана 2023-жылы Пан-Америка оюндарында коло уткан.

Венесуэлалык балбан Райбер Родригез Орозчо

Ал эми кубалык Кевин Ди Армас 26 жашта. Ал 2023-жылы Пан-Америка чемпионатында коло, Пан-Америка оюндарында күмүш тагынган.

Кубалык балбан Кевин Ди Армас

Париждеги Олимпиадага 60 кг салмакта жолдомо алган балбандар:

1. Кыргызстан — Жоламан Шаршенбеков (дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш байгенин ээси болгон (2018, 2021-жыл), Азиянын эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш уткан (2018, 2020-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл)

2. Япония — Кеничиро Фумита (Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2020), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2017, 2019-жыл) жана күмүш менен коло байгелеринин ээси (2023, 2022-жыл), Азиянын эки жолку чемпиону (2017, 2020-жыл) жана коло байгесинин ээси)

3. Кытай — Лигуо Као (2023-жылы дүйнө жана Азия чемпионаттарында коло уткан)

4. Өзбекстан — Исломжон Бахромов (2023-жылы дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон, Азия чемпиону (2019-жыл) жана эки жолу коло тагынган (2018, 2020-жыл)

5. Иран — Мехди Мохсен Нежад (Азия чемпионатында эки жолу күмүш (2021-2022-жыл) жана бир ирет коло (2020-жыл) уткан)

6. Венесуэла — Райбер Родригез Орозчо

7. Куба — Кевин Ди Армас Юран

Эскерте кетсек, алдыда дагы Олимпиадага жолдомо бере турган 3 континеналдык (Азия, Европа жана Африка менен Океания) жана 1 дүйнөлүк мелдеш өтөт. Аталган мелдештерде лицензия ала элек балбандар Олимпиаданын жолдомосу үчүн күч сынашат.

Олимпиада: Махмудов, Тыныбекова, Шаршенбеков, Медет кызы кайсы күндөрү күрөшөрү белгилүү болду

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>