Караколдо санитардык эрежелерди бузган айдоочуларга айып салынды

Караколдо санитардык эрежелерди бузган айдоочуларга айып салынды

Каракол шаарында санитардык эрежелерди сактабаган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып пул салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Каракол шаарында коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу жана санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейд жүргүзүлгөн. Анын алкагында бир күндө 50гө жакын таксисттер, 35тен ашык кичи автобустардын жана 5 автобустун айдоочулары текшерүүдөн өтүкөн. Рейд учурунда коомдук транспорттун 2 айдоочусу санитардык эрежелерди сактабастан, жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндөрү аныкталган. Аларга карата, Бузуулар жөнүндө Кодексинин 150-беренеси  менен протоколдор түзүлүп, ар бирине 3000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Андан тышкары, аныкталган кемчиликтерди жойгончо маршруттардан алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>