Каратал-Жапырык коругунда сейрек кездешүүчү канаттуулар изилденди

14.07.2026 | 16:17
Каратал-Жапырык коругунда сейрек кездешүүчү канаттуулар изилденди — Новости Кыргызстана

К. Базарбаев атындагы «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругунда кыргызстандык жана россиялык орнитологдордун биргелешкен экспедициясы өттү. Изилдөөлөр «Каратал» жана «Соң-Көл» тилкелеринде жүргүзүлгөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Экспедицияга коруктун адистери жана Россия Федерациясынын «Заповедники» экологиялык агартуу борборунун өкүлдөрү катышты. Алар токой жана суу-баткак экосистемаларындагы канаттуулардын түрдүк курамын изилдеп, алардын санына жана жашоо чөйрөсүнүн абалына баа беришти.

Талаа изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө окумуштуулар бекитилген маршруттар боюнча канаттууларга мониторинг жүргүзүп, алардын уя салган жана эс алган жерлерин каттоого алышты. Ошондой эле сейрек кездешүүчү жана коргоого алынган түрлөр боюнча жаңы маалыматтарды топтошту.

Министрликтин маалыматына ылайык, экспедициянын жыйынтыктары канаттуулардын түрлөрүнө узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүүгө, илимий изилдөөлөрдү пландаштырууга жана жаратылышты коргоо боюнча натыйжалуу иш-чараларды ишке ашырууга негиз болот. Мындан тышкары, мындай биргелешкен долбоорлор эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого өбөлгө түзөт.

Scroll to Top