ЖКда Сурабалдиеванын коопсуздугуна тынчсызданып, мамлекеттик күзөт берүү сунушталдыКР спортчулары эстетикалык топтук гимнастика боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагыныштыКыргызстанда 677 миң гектардан ашык жерге жаздык айыл чарба өсүмдүктөрү эгилдиАт-Башыда 7 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБиринчи гол жана жеңилүү — Өзбекстан Дүйнө чемпионатында дебют жасадыЖалал-Абад облустук филармониясында коррупция фактысы аныкталып, үч адам кармалды
Каратэчи Назим Нурланов Азия оюндарында коло медаль утту
05.10.2023 | 19:07
Кыргызстандык спортчу Назим Нурланов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Ал каратэ боюнча турнирге 75 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Нурланов 1/8 финалдан баштап, Камбоджанын өкүлү менен беттешип, аны жеңип алды. Чейрек финалда ал казакстандык спортчуга утулуп, бирок коло медаль үчүн күрөшүү укугуна ээ болду.
Көңүл жубатуучу турнирдин биринчи беттешинде Нурланов филиппиндик спортчуну жеңип, финалдык 3-орун жана коло медаль үчүн күрөштө Малайзиянын өкүлүнөн күчтүү болду.
Бул Кыргызстан үчүн сегизинчи медаль болду – 3 алтын, 5 коло.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт