Үч адамдын өлтүрүлүшү: Маркум аялдын энеси соттун создугуп жатышына нааразы (видео)

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Маркум аялдын энеси соттун создугуп жатышына нааразы (видео)

Бүгүн, 5-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылып, бирок анын жактоочусу келбей калгандыктан отурум жылдырылды.

Ооруп калганын айткан жактоочу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн жөнөткөн. Сот процессти жактоочусуз кароого болбой тургандыгын айтып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, отурумду 16-октябрга жылдырды. Эскерте кетсек, бүгүнкү соттук процессте Чынтемир Ашыралиев көрсөтмө бермек.

Ага байланыштуу аталган окуяда киши колдуу болгон А. Канзаманованын апасы маркум балдардын чоң апасы Үрү Канзаманова соттун улам жылдырылып жатканына нааразычылыгын билдирди. Ошондой эле маркум аялдын туугандары сот өкүмү чыкканга чейин айыпталуучунун (Чынтемир Ашыралиевдин) камактагы мөөнөтү эки күн деп эсептелгендиктен, айыпталуучу тарап ишти кароону атайын создуктуруп жатат деген ойдо.

«Бул адам (сөз Ашыралиев тууралуу – ред.) эмес. Соттук ишти кароону создуктуруп жатышат. Өмүр бою эркинен ажыратылсын», — дейт кары эне.

Үрү Канзаманова аялдардарга, балдарга зомбулук көрсөтүп, өмүрүн кыяп жаткан адамдарга мыйзам чегинде катуу жаза берип, өмүр бою эркинен ажыратылса, мындай мыкаачылык кылгандар тыйылат деген пикирде.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Үч адамдын өлтүрүлүшү. Айыпталуучу кийинки отурумда көрсөтмө берет (Видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>