Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
Кардын айынан Бишкек – Ош унаа жабылды
16.10.2024 | 10:21
Бишкек – Ош унаа жолу толугу менен жабык. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Башкармалык айдоочулардан зарыл болбосо, жолго чыкпай турууну, унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну суранат.
“Учурда Бишкек – Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында кар калың жаагандыгына байланыштуу “Чычкан”, “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайларында унаалар кыймылына чектөөлөр киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом