Карганбек Самаковдун салык боюнча карызы 63 млн 167 миң сомду түздү

Карганбек Самаковдун салык боюнча карызы 63 млн 167 миң сомду түздү

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковдун салык боюнча карызы 63 миллион 167 миң 300 сомду түздү. Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесин Мамлекеттик салык кызматы жарыялады.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, Самаков Карганбек Садыкович Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда каттоодо турат.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы Карганбек Самаковдун ишмердүүлүгү жеке турак жайларды, медициналык мекемелерди, дене тарбия жана спорт объекттерин, маданият жана коомдук жайларды, ошондой эле мектепке чейинки мекемелерди куруу үчүн жер тилкелерин сатып алуу-сатуу менен байланышканын билдирген.

2015-жылы 59 миллион сомго кошумча салык алган. Самаков бул суммага макул болбой, сотко кайрылган.

Кошумчалай кетсек, Карганбек Самаков жана башка аткаминерлер Аламүдүн районунун Байтик, Лебединов жана Кара-Жыгач айыл аймактарындагы 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталган. Самаков мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган. 2021-жылдын декабрында өкүм жокко чыгарылып, иш жаңы соттук териштирүүгө жөнөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>