Кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда Байшериев 3-орунду алды

Кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда Байшериев 3-орунду алды

Москва шаарында өткөн кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-9-апрель күндөрү Москва шаарындагы Ирина Винер-Усманованын Гимнастика сарайында “Достук кубогу-2023” кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубогунун этабы болуп өттү.

Бул спорттук иш-чара Москвада экинчи жолу өткөрүлүп, мелдешке 21 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышкан.

Дүйнө кубогунда ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн командири, майор Ринат Байшериев 95, 95+ кг салмак категориясында күч сынашып, 3-орунду багындырып кайтты.

Ринат Байшериев кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубокко экинчи жолу катышып, анда да байгелүү орунду ээлеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>