Каржы пирамидасын жарнама кылгандар эми жазаланат

Каржы пирамидасын жарнама кылгандар эми жазаланат

Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады.

Алсак, депутаттар Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору “Финансы пирамидаларын уюштуруу” маселесин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнамалагандарга 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки айып пул салуу жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чаралары каралууда.

Буга чейинки жыйындарда белгилүү болгондой, өткөн жылы финансы пирамидалары боюнча 882 кылмыш иши козголгон.

Соңунда мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>