Касымалиев «Ачык кабинет» долбоорунун экинчи этабы башталарын жарыялады

17.07.2026 | 16:39
Адылбек Касымалиев объявил о запуске второго этапа проекта «Открытый кабинет» — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарып, экинчи этап сентябрь айында мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин, фонддордун жана инспекциялардын жетекчилеринин катышуусунда баштала турганын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылган «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарды.

Кабмин башчысынын айтымында, долбоор бийлик органдарынын ачыктыгын жогорулатууга, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартууга жана жарандар менен түз диалогду өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоордун жыйынтыгы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, анда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ачыктык деңгээли жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү бааланган.

Эң ачык жетекчилердин арасында Касымалиев өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевди, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевди жана саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмоновду белгиледи. Ошондой эле каржы, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрликтеринин жетекчилеринин сапаттуу даярдыгы белгиленди.

Ошону менен катар эле Кабмин башчысы айрым ведомстволордун коомчулук менен иштешүүсүн жакшыртуу, жарандар үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана аткаруучулук тартипти чыңдоо зарылдыгын көрсөттү.

Кеңешменин жыйынтыгында Касымалиев долбоордун экинчи этабы башталганын жарыялады. Ал сентябрда башталып, мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин, фонддордун жана инспекциялардын жетекчилерин камтыйт. Жаңы этапты даярдоо менен Президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматы алектенет.

Теги: кабмин
Scroll to Top