Манастагы «Даңк аллеясы»: аза күткөн эне, өчпөс от жана үч миң ысым

Манас шаарындагы Орусия жана Кыргызстан аймактарынын достук паркында «Даңк аллеясы» мемориалдык комплексинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул эскерүү жайы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына жана аймактык чыр-чатактардын катышуучуларына арналган. Комплекс жергиликтүү администрациянын, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын, Жалал-Абад облусундагы «Славян диаспорасы» ассоциациясынын, «Жеңиш монументтери» долбоорунун жана башка коомдук бирикмелердин колдоосу менен бир нече ай ичинде курулду.
Мемориалдын борбордук элементи — беш метрлик «Аза күткөн эне» скульптурасы. Анын жанында Өчпөс от күйүп турат, Жалал-Абад облусунан Улуу Ата Мекендик согушка катышкан үч миң адамдын ысымы жазылган мемориалдык плиталар орнотулган. Ошондой эле аймакка артиллериялык курал жана бронетранспортёр коюлган. Комплекстин аймагы жаңы отургузулган «Эскерүү аллеясы» менен толукталды.

Ачылыш аземине Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү, Орусиянын Оштогу Башкы консулдугунун, Орус үйүнүн, КР Коргоо министрлигинин, «Кант» авиабазасынын өкүлдөрү, коомдук уюмдар жана аймактын тургундары катышты. Мемориалды түзүүгө салым кошкондорго «Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тарыхый эс-тутумду сактагандыгы үчүн» медалдары тапшырылды.
Долбоордун катышуучулары маектеринде комплекстин идеясы кантип жаралганы жана анын ар бир деталдарынын мааниси тууралуу айтып беришти.

«Даңк аллеясынын» идеясы мындан бир жыл мурун жаралган — аны Жалал-Абад облусундагы «Славян диаспорасы» ассоциациясынын төрагасы Виктор Малюженко сунуштаган. Бул тууралуу «Жеңиш монументтери» долбоорунун амбассадору Илья Левитан айтып берди:

«Идея мындан бир жыл мурун пайда болгон. Анын демилгечиси — славян диаспорасынын төрагасы Малюженко Виктор Викторович. Биз көптөн бери кызматташып, дос болуп келебиз. Ал бизге жардам сурап кайрылып, «Даңк аллеясын» түзүүгө катыша аларыбызды сурады, өзгөчө «Аза күткөн эне» монументин жасоого колдоо көрсөтүүнү өтүндү», — деп эскерет Левитан.
Анын айтымында, скульптураны жалалабаддык жергиликтүү чебер жасап, иш жети-сегиз айга созулган:
«Чынында эле абдан жандуу образ жаралды, скульптор катуу аракет кылды. Ал Жалал-Абадда жергиликтүү чебер тарабынан жасалды. Ал ар бир деталдын — жүзүнүн, көздөрүнүн үстүнөн 7-8 ай бою кылдаттык менен иштеди, баары абдан так жасалгандыктан, образ жандуудай сезилет».
Левитан жергиликтүү бийликтин колдоосусуз бул идеяны ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин кошумчалады: Малюженко демилге менен губернаторго жана мэрге кайрылып, андан соң тендер жарыяланган. Долбоордун амбассадору жергиликтүү бийликке көрсөткөн колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Виктор Малюженко өзү белгилегендей, өткөн жылдын декабрь айында болочок мемориалдын орду «жөн эле кургак чөп баскан талаа» болчу — мэрия тендер жарыялагандан кийин гана активдүү иш башталган.
Анын айтымында, ар башка муундагы мекен коргоочуларды — Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлерин, Ооганстан, Баткен ардагерлерин, аскердик-деңиз флотунун жана Чернобыль катышуучуларын бир комплексте бириктирүү идеясы кокусунан жаралган. Бул адамдар эстеликке 9-май, 15-февраль же 26-октябрь сыяктуу белгиленген даталарда гана эмес, каалаган учурда келип турушу үчүн жасалган.
Малюженко Өчпөс оттун жайгашуусунун символикасына да көңүл бурду:
«Өчпөс от күн нуру аркылуу багыт алып, ар бир обелискке тийип тургандай жайгашкан. Негизги обелиск — «Аза күткөн эне», анын оң жана сол тарабында — Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун обелисктери, андан ары — Ооганстан жана Баткен ардагерлери».
Ал мемориалды түзүүгө ардагерлер өздөрү да жигердүү катышканын белгиледи: «Ооган согушунун ардагерлери, баткенчилер күнү-түнү ушул жерде болушту. Мен да күнү бою ушул иш менен алек болдум».
Малюженконун айтымында, Орто Азияда мындай комплекстин окшошу жок болушу мүмкүн. Курулуш учурунда эле кечкисин жаштар келип, плиталардагы фамилиялардын арасынан өз туугандарын издеп, гүл коюуга уруксат сурашкан учурлар болгон.