Бишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жататБишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөтБишкектин бир катар райондорунда 29–30-октябрда газ берүү токтотулатБишкектеги Тула көчөсүнүн тургундары жол иштерине нааразы болушту — бийликтин жообу28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алынды
Катуу таштандыларды чыгаруучу ишкана мэрия менен келишимди бузду
31.10.2022 | 23:59
Катуу таштандыларды чыгаруучу “Комтранском” ишканасы калктын карызына байланыштуу Бишкектин Октябрь районун тейлөөдөн баш тартты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган ишкана 2016-жылдан бери катуу таштандыларды аймактан чыгарып келе жатат. Бул аралыкта тургундардын ишканага болгон карызы 12 миллион 70,6 миң сомду түзгөн.
Мындан улам, 29-октябрдан тартып Октябрь районунан таштанды-калдыктарды “Тазалык” муниципалдык ишканасы ташууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом