Россияда Айтматовдун «Кыямат» спектаклинин бет ачары болду

Россияда  Айтматовдун «Кыямат» спектаклинин бет ачары болду

29-октябрь күнү Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги Подольск драма театрына, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун романынын мотиви боюнча коюлуп жаткан «Кыямат» спектаклинин бет ачарына катышуу үчүн барды. Бул тууралуу аталган элчиликтен билдирди.

Маалыматка караганда, спектакль башталар алдында театрдын көркөм жетекчиси жана спектаклдин режиссёру О.Ефремов көрүүчүлөргө дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун бестселлери боюнча сахналаштыруунун узак тыныгуусунан кийинки идея жана кайра жаратуу процесси боюнча кыскча баяндап өттү.

Спектакль аяктагандан кийин режиссёрго жана ролдордун башкы аткаруучуларына Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө, ошондой эле Ч.Т. Айтматовдун чыгармаларын популяризациялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Кыямат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>