Казак балбаны Бакбергенова: Кыргыздар спортчулары жеңилсе дагы колдойт

Казак балбаны Бакбергенова: Кыргыздар спортчулары жеңилсе дагы колдойт

Эркин күрөш боюнча Казакстандын спорт чебери, Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Жамиля Бакбергенова кыргыз спортчуларынын колдоосуна суктанды.

Ал казакстандыктарды күйөрмандык кылууну кошуна өлкөдөн үйрөнүүгө чакырды.

«Бир байке «силер кыргыз кыздарындай күрөшпөйсүңөрбү?», — деп айтып калды. Мен ага «сиздер кыргыз байкелериндей болбойсуздарбы», — деп жооп бердим. Кыргызда спортчулар дүйнө чемпионатына жеткенче эле аларга үй, машина алып беришет. Мага үй, машина алып бергиле дебейм, мына күйөрмандарды карасак, кыргыз спортчусу жеңилсе, алар жапырт жеңген адамды басып салышат. «Ал жеңген жок, жаракат алды», — деп айтышат. Бизде жеңсек дагы, жеңилсек дагы басмырлашат», — дейт Жамиля Бакбергенова.

Белгилей кетсек, Жамиля Бакбергенованын бул маеги 2023-жылы жарыяланган. Анын видеосу учурда социалдык тармактын кыргыз сегментинде тарап жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>