Ноокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилди

Ноокендин Кочкор-Ата шаарында селден жабыркаган беш турак жайдын ээсине камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Тапшырылган сертификаттардын негизинде төрт үй-бүлөгө 1 миллион сомдон, бир үй-бүлөгө 600 миң сомдон ашык камсыздандыруу каражаты берилген.
Иш-чарага президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Закир Айдралиев катышкан.
Эске салсак, 14-июлда жааган жаандан кийин Ноокен районунда сел жүрүп, 466 турак жайды суу каптаган. Алардын ичинен 41 турак жай алдын ала камсыздандырылган.
Ал эми район боюнча сел жана өрт кырсыктарынан жабыркаган жарандарга жалпысынан 9 миллион сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлгөн.
Өкүлчүлүк маалымдагандай, жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда турак жайы камсыздандырылган 123 үй-бүлөгө 26 миллион сомго жакын каражат төлөнгөн. Жалпысынан облус аймагында жыл башынан тарта 35 миң турак жай камсыздандырылган.