Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Таш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдө
09.09.2026 | 17:53

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука–Чаткал автоунаа жолунун 14-чакырымындагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталды. Аталган көпүрө төрт ай мурун селден улам жабыркаган.
Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, иштер облус башчысы Тилек Текебаевдин тапшырмасынын негизинде Транспорт министрлиги менен биргеликте аткарылууда. Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн долбоордук-сметалык документтер даярдалып, учурда аймакта курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Балпан-Сай сайындагы көпүрө 22-майда жааган жаандан кийин жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга келген. Окуяга байланыштуу Таш-Көмүр шаарынын аймагында «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилип, унаа кыймылы үчүн убактылуу айланма жол уюштурулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом