Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахуновду суракка чакырды

Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахуновду суракка чакырды

Казакстандын Башкы прокуратурасы кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду көрсөтмө берүүсү үчүн өлкөгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу tengrinews.kz жазды.

Маалым болгондой, 10-февралда Алматы облусунун Коррупцияга каршы кызматы Викрам Рузахуновго кыйноо көрсөтүү фактысы боюнча өздүгү тактала элек укук коргоо кызматкерлерине кылмыш ишин ачкан. 19-февралда кыргызстандык музыкант жабырлануучу деп табылган.

Бул иш боюнча облустук жана шаардык полиция департаментинин, чек ара жана медицина кызматкерлери сурак берип, бирок шектүүлөр алигиче аныктала элек. Ага бир нече себеп бар экени айтылат: видеотасма, полиция бөлүмчөсүнө жеткирилген жана келген адамдарды каттоо журналынын жоктугу, ошондой эле укук коргоо орган кызматкерлери беткапчан болгондугу.

Ошол эле учурда Рузахунов менен болгон окуяда ишке тартылган кызматкерлердин сүрөттөрү суратылган.

«Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Рузахунов бир нече ирет тергөө органына чакыртылган. Учурда анын коопсуздугун камсыз кылуу менен өлкөгө келүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек Викрам Рузахунов быйыл январь айында Казакстанда нааразычылык акциялары жүрүп жаткан учурда Кыргызстанга кайтып келе жатканда казак укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ал кыйноого кабылып, казак телеканалдарынын бирине «Казакстанга башаламандыктарга катышууга келгем» деп айтууга аргасыз болгон. Аталган тасма тарагандан кийин эле аны тааныган кыргызстандыктар Казакстандын элчилигине митингге чыгып, Рузахуновдун бошотулушун талап кылган. Андан кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсү менен ал бошотулган. Башында Рузахунов кыйноого туш болгонун жашырып, кийинчерээк кантип кармалып, кыйноого кабылганын айтып берген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>