ИИМ турак-жай кооперативдеринен 200 адам жабыркаганын билдирди

ИИМ турак-жай кооперативдеринен 200 адам жабыркаганын билдирди

Кыргызстанда соңку төрт айда турак-жай кооперативдерине байланыштууички иштер органдары тарабынан 131 кылмыш иши козголгон. Учурда 37 кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктап, материалдар андан ары териштирүү үчүн сотко жөнөтүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин турак-жай кооперативдери боюнча тегерек столунда айтылганын «Марал» жазды.

Учурда ИИМдин каттоосу боюнча, турак-жай кооперативдеринен жабыркагандардын саны 198 адамды түзөт. Жалпы материалдык зыян 121 миллион сомдон ашык.

Ички иштер министрлиги мындай фактылар олуттуу тынчсызданууну жаратарын айтып, ушуга байланыштуу турак-жай кооперативдеринин иши менен байланышкан укуктук жөнгө салуу маселелерин комплекстүү изилдөө зарылдыгы бардыгын белгилейт.

Турак-жай кооперативдеринин ишине мониторинг жүргүзүү жана бул иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнүн ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда турак-жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү кеңири талкууланып жатат, мындан тышкары аталган коммерциялык эмес бирикмелер боюнча укук коргоо органдарына кайрылуулардын фактылары көп. Мындан улам ИИМ калкта алдамчылык аракеттердин курмандыгы болуу коркунучу бар экенин эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>