Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видеоКыргызстандын финансы секторунун кардарларынын саны 26 миллиондон аштыТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен Кыргызстанга келди
Казакстан Перс булуңуна ун сатат
05.08.2022 | 19:58
Казакстан Перс булуңунун өлкөлөрүнө унду жана агроөнөр жай комплексинин (АӨК) башка азык-түлүктөрүн жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр экенин Казакстандын премьер-министри айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
«Казакстан Перс булуңунун өлкөлөрүнө жогорку сапаттагы унду, май өсүмдүктөрүн жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле транзиттик чөйрөдө, анын ичинде Транскаспий эл аралык транспорттук жолун өнүктүрүү аркылуу кызматташууну бекемдөөгө даяр», – деди премьер-министр Алихан Смаилов жума күнү Казакстанга расмий иш сапары менен келген Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар