Казакстан Сауд Аравияга эт экспорттой баштайт

Казакстан Сауд Аравияга эт экспорттой баштайт

Казакстан менен Сауд Аравия этти жеткирүү жаатында протоколго кол койгонун коңшу өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин  жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

«Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Сауд Аравиясына иш сапарынын алкагында ата мекендик эт экспорттоочулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан документтерге кол коюлду. 24-25-июлда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен инвестициялык тегерек стол болуп өттү. Уй жана койдун этин ташып келүүдө санитардык-техникалык талаптар боюнча протоколго кол коюлду», — деп айтылат дүйшөмбү күнү маалыматта.

Айыл чарба министрлигинен маалымдалгандай, кол коюлган протокол казакстандык козу жана уй этин өндүрүүчүлөргө сатуу рыногун кеңейтүү жана айыл чарба тармагында мындан аркы кызматташтыкты арттыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>