Казакстан Түркияга жардам берүү үчүн 1 млн доллар бөлөт

Казакстан Түркияга жардам берүү үчүн 1 млн доллар бөлөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө катуу зилзаладан жабыркаган Түркияга чукул жардам берүү үчүн 1 миллион доллар бөлүүнү тапшырды. Бул тууралуу 8-февралда Акордо кабарлады.

Билдирүүдө Казакстандын ыйгарым укуктуу органдары түрк тарап менен биргеликте жаратылышы кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн кошумча жардам көрсөтүү маселесин карап жатканы жазылган.

7-февралда 41 кишиден турган куткаруучулар жана медиктер тобу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам берүү үчүн Алматыдан Түркиянын Газиантеп шаарына учуп кеткен.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, куткаруучулар шаардын Ибрахимили районундагы издөө-куткаруу иштерине киришти жана урандылардын алдынан каза болгон бир адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Күн мурун Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгон же жаракат алган казакстандыктар жок экенин билдирген.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркия менен Сирияда зилзаладан көз жумгандар 8 миңден ашты. Түркиянын вице-президенти Фуат Октай өлкөдө катуу жер титирөөдө өлгөндөрдүн саны 6434гө жеткенин, дагы 37 миңден көп адам жараат алганын билдирди.

Reuters агенттиги менен CNN телеканалы Сириянын бийликтерине шилтеме кылып, бул өлкөдө 1832 киши көз жумганын, 4 миңдей тургун жабыркаганын жазды.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук 7,8 магнитудадагы зилзала болгон. Түш оой аймакта 7,5 магнитудадагы жер титирөө кайталанган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>