Түштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи

06.10.2026 | 13:16
Түштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи — Новости Кыргызстана

Корея Республикасынын Пхёнтхэк шаарында 3-октябрдан 4-октябрга караган түнү массалык мушташ чыгып, анын кесепетинен Кыргызстандын бир нече жараны денесинен жаракат алган. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, КР консулу кармалган кыргызстандыктар, ошондой эле Корея Республикасынын укук коргоо органдарынын жана медициналык мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

ТИМдин билдирүүсүндө дипломаттар жабыркагандардын абалына көз салып, алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрүп жатышканы, ошондой эле жабыркагандардын жана кармалгандардын жакындары менен байланыш жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Учурда Корея Республикасынын укук коргоо органдары тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Кырдаал Кыргызстандын ТИМинин өзгөчө көзөмөлүндө.

Өз кезегинде, Yonhap басылмасы жергиликтүү полицияга таянып, мушташка 15ке жакын адам катышканын кабарлады. Алардын айрымдары таяк менен куралданышкан.

Окуя болгон жерден чыгып кетүүгө аракет кылган учурда полиция 20 жаштан 29 жашка чейинки эки адамды — Кыргызстандын жана Орусиянын жарандарын кармаган. Экөө тең жаракат алып, анын ичинде сөөктөрү сынып, ооруканага жеткирилген. Полициянын маалыматы боюнча, алар өлкөдө мыйзамдуу негизде жүрүшкөн.

Кармалгандар мушташка катышканын четке кагууда. Алардын айтымында, алар көчөдө бара жаткан кезде аларга кол салышкан.

The Korea Times басылмасы полициянын алдын ала версиясына таянып жазгандай, окуяга эки мамлекеттин жарандарынан турган топтордун ортосундагы чыр-чатак себеп болушу мүмкүн. Мушташтын калган катышуучуларынын өздүгү жана жарандыгы азырынча тактала элек.

Scroll to Top