Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болду
29.09.2026 | 12:16

Бүгүн, 29-сентябрда, Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу кураш боюнча мелдеште коло медаль жеңди. Ал 66 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргызстандык спортчу алгачкы беттешинде ооганстандык Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде, чейрек финалда Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хуенсуну 10:0 эсебинде жеңген.
Жарым финалдык беттеште Кубанычбек Айбек уулу ирандык Вахид Бариманлоуго 0:3 эсебинде утулуп, жыйынтыгында үчүнчү орунду ээледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Азия оюндары