БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Казакстанда кармалган Рузахунов бошотулуп, Бишкекке келе жатат
10.01.2022 | 12:19
Казакстанга акчага жалдан митингге чыкты делип кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулду. Бул туурасында Reporter.kg ′ге өздүк булактар билдирди.
Анын маалыматына караганда, Рузахуновду учурда Бишкекке алып келе жатат.
9-январда Казакстандын «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» телеканалы башаламандыкка катыштыгы бар деп кармалган, кыргызстандык делген адамдын видеосун таратып, аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан. Бул маалымат Кыргызстанда нааразылык жаратып, Бишкекте Казакстандын элчилигинин алдында пикетке чыгышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат