Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салдыДарыканаларда мыйзамсыз ташылып келген дарылар сатылган: эки жаран кармалдыЧүй районунда 202 гектар аянтка өнөр жай аймагы түзүлөтБишкекте КММАнын студентинин сөөгү табылды. Ал буга чейин изделип жаткан8-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОшто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулду
Казакстанда каржы пирамидасын уюштуруучулар 6 жылга кесилди
09.09.2022 | 18:58
Нур-Султанда каржы пирамидасынын уюштуруучулары алты жылга эркинен ажыратылганын шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нур-Султан шаарынын Сарыарка районунун №2 райондук сотунун 2022-жылдын 5-июлундагы өкүмү менен С. жана Б.га карата кылмыш-жаза кодексинин 2-пунктуна ылайык, 7 жылдык мөөнөткө коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда жетекчилик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 6 жана 5 жылга эркинен ажыратылат.
Соттолгондор каржылык пирамидаларды түзүп, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү, ошондой эле «Уюлдук контракт» программасынын жана Profitbox программасынын алкагында 1,6 млрд. теңге зыян келтирген.
Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар