Мамлекеттик органдар балдар жана карылар үйлөрүн колдоого алатДепутат майыптыгы бар адамдардын жеке ассистенти болуп иштөө үчүн курактык чекти жогорулатууну сунуштадыБишкек өзгөрүүдө, жана бул талаш-тартыштарды жаратууда — академик Чолпонкул Арабаев борбор калаанын келечеги тууралууКазакстан Кыргызстан, Азербайжан жана Түркия менен жүк ташууларды санариптештирдиЕРӨБ Кыргызстандын суу тармагын модернизациялоого инвестиция салууда: ал 276 млн евродон аштыКыргызстан менен Түштүк Корея Сеулда кызматташуу пландарын бекитишти
Казакстанда каза болгон орусиялык аялга жети жолу бычак сайылып, башына ок тийген
14.01.2022 | 19:15
Казакстанда каза болгон Орусиянын жараны Мария Кимге жети жолу бычак сайылып, андан соң башына ок тийген. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.
Мария Тараз шаарындагы кафелердин биринин кызматкери болгон. Тополоң башталганда жумушчулар кафе ээсинен алар үчүн унаа жөнөтүүнү суранышкан, бирок ээси баш тарткан. 26 жаштагы үч баланын энеси мекемени өзү жабууга аргасыз болгон. Бул маалда кафени тоноого аракет кылган мародерлор басып киришкен. Марияга 7 жолу бычак сайылып, башына контролдук ок тийген.
Орусиянын элчилиги Казакстандын Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтөөнү талап кылган кайрылуу жолдоду.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар