Кыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болду
Казакстанда куш тумоосу күч алды
28.09.2021 | 12:16
Түндүк Казакстан облусунун Магжан Жумабаев районунда жума ичинде миңден ашык үй канаттуусу кырылган. Алтургай, Лебяжье айылында карантин жарыяланды. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар маалымат таратууда.
Казакстандык эпизоотологиялык изилдөө борбору тумоо үй канаттууларына, көлмөдөгү жапайы куштардан жукканын аныктап чыкты. Ушул тапта вирустун бар-жоктугун текшерүү үчүн коңшу айылдардан да үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү.
Бул аймактын канаттуулары толугу менени эмдөөдөн өткөн. Түндүк Казакстан 1,2 миллион доза вакцина сайылган. Анын ичинен ылаңдын очогу болуп турган Лебяжье айылында 1,5 миңден ашыгы сарпталган.
Өткөн жылдын соңунда да 1,5 миллиондон ашык канаттуу кырылган эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом