Казакстанда шекердин баасы 36%га кымбаттады

Казакстанда шекердин баасы 36%га кымбаттады

Шекердин баасын 330 теңгеден 450 теңгеге көтөрүү чечимин Жамбыл облусунун чарбалык башкармалыгы кабыл алган. Баа 12-июндан тартып жарактуу. Бул тууралуу казакстандык «Орда» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Тараздагы «ак кумдун» айланасындагы толкундоо февраль айынан бери байкалууда. Эл эртеден кечке кумшекерге кезекке турушат. «Ак кумдун» базар баасы килограммына 1,14 доллардан 1,6 долларга чейин өзгөрөт.

«12-июндан тарта социалдык дүкөндөрдө кумшекер заводдук баада 450 теңгеден сатыла баштайт. Биздин базарда ата мекендик кумшекер менен катар чет элдик кант да сатылат. Чет элдик кант 600 теңгеден жогору баада сатылууда. Мындай чечим түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кабыл алынды», — деп билдирди Жамбыл облустук ишкердик башкармалыгы Фейсбуктагы баракчасында.

Эске салсак, Казакстанда кумшекер боюнча кырдаал бир жумадан ашык убакыттан бери кызуу жүрүп жатат. Бир нече күн мурун Казакстандын «Рахат» кондитердик фабрикасы өлкөдө канттын жетишсиздигинен улам ишин токтотконун билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>