БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Садыр Жапаров Владимир Путинди куттуктады
13.06.2022 | 09:11
Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Садыр Жапаров орус элинин көп кылымдык тарыхы, бай жана маданий мурастары мамлекеттик түзүлүштүн бекемделишине жана Россиянын өнүгүшүнө негиз болорун белгилеген.
Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген достук жана ишенимдүү мамилелерди жогору баалай турганын билдирген.
12-июнда Россия элинин мамлекеттик майрамы.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат