«Манас» аэропорту ШКУ саммити жана ДКО учурунда иштөө режимин өзгөртөт — кенен маалымат«Жашоо чындыгын тосуп жатышат»: бишкектиктер ШКУга даярдыктын көмүскө тарабын көрсөтүштү — видео«Кыргызкөмүр» жылытуу мезгилинин алдында калкка көмүр сата баштады — базалардын даректериКР Саламаттык сактоо министри инфаркт алган 87 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам бердиЖКККУ мүчөлөрү Арменияны уюм боюнча союздаш деп эсептешет — башкы катчыБишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде 554 жаңы чырак орнотулду
Казакстанда тойдогу талаштуу тост үчүн кылмыш иши козголду
05.08.2026 | 12:25

Казакстандын Ички иштер министрлиги Түркстан облусундагы тойдо айтылган жана коомчулукта кызуу талкуу жараткан тост тууралуу видео боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты.
Буга чейин интернет тармактарында Жетисай шаарындагы тойдон видео тараган. Анда келиндин тууганы тойлордо ичимдиктен баш тартууга гана эмес, музыканы толугу менен тыюуга чакырып, ырчы-артисттерди «шайтандын малайлары» деп атаган. Ошондой эле карыган конок эркектер менен аялдарды (аларды «самкалар» деп атаган) өз-өзүнчө отургузуу керектигин билдирген.
ИИМ бул факт боюнча полиция тарабынан кылмыш иши козголгонун кабарлады.
«Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Түркстан облусунун 66 жаштагы тургунунун диний жана социалдык кастыкты козутуу белгилери бар коомдук билдирүүлөрү камтылган видеожазуу аныкталды. Бул факт боюнча полиция кылмыш ишин козгоду», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
ИИМ Конституция Казакстандын ар бир жаранына жынысына, тегине, социалдык абалына, динге болгон мамилесине жана башка жагдайларга карабастан укуктарынын жана эркиндиктеринин теңдигине кепилдик берерин баса белгиледи.
«Адамдын кадыр-баркын кемсинтүүгө, диний, социалдык же башка белгилери боюнча дискриминациялоого багытталган ар кандай коомдук чакырыктар, ошондой эле коомдук ынтымакты жана биримдикти бузууга жөндөмдүү аракеттер кабыл алынгыс болуп саналат», — деп белгилешти мекемеден.
Министрлик сөз эркиндиги жоопкерчиликтен бошотпойт деп эскертти.
«Мыйзам бузуу белгилери бар ар кандай коомдук билдирүүлөргө принципиалдуу укуктук баа берилет», — деп баса белгилешти Казакстандын ИИМинен.