Казакстанда Кыргызстандын жарандары жол кырсыгына кабылды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсык 10-февралда Казакстандын Кызылорда облусунун Арал районунда катталган.
“21-февралда жол кырсыгына кабылган Кыргызстандын жарандары мекенине алынып келинди. Алар Кордай менен чектешкен Ак-Жол-автодорожный өткөрмө пунктунда мекендештер андан ары зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди”, — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз