Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды
13.09.2026 | 13:55

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды. Салтанаттуу аземге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, академия президент Садыр Жапаровдун «2026–2030-жылдары КРда шахматты өнүктүрүү жана даңазалоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жана «Кыргыз шахмат союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө» жарлыктарынын алкагында түзүлдү.

Академиянын негизги милдеттери — эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды системалуу даярдоо, таланттуу жаштарды аныктоо жана колдоо, машыгууларды жана мелдештерди өткөрүү, ошондой эле өлкөдө шахматты өнүктүрүү болуп саналат.
Касымалиев жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, алардын ата-энелери менен баарлашты. Ал балдардын жана жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Минкаб башчысы ошондой эле учурда Кыргызстандын 500 мектебинде 3–5-класстын окуучулары үчүн «Мектептерде шахмат» долбоору пилоттук режимде ишке ашырылып жатканын маалымдады.
«Бүгүн Улуттук шахмат академиясы өз ишин баштап жатат. Ал таланттуу шахматчыларды даярдоонун маанилүү борборуна айланып, Кыргызстандын намысын эл аралык аренада татыктуу коргой ала турган спортчулардын жаңы муунун калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишенем», — деди Касымалиев.

Салтанаттын соңунда өкмөт башчысы борбордук шахмат тактасында символикалык алгачкы жүрүштү жасап, академиянын ишине расмий түрдө старт берди.