Кыргызстандык студенттер жасалма интеллекттин негизинде кыргыз тили үчүн 3 долбоор иштеп чыгышты

Кыргызстандык студенттер жасалма интеллекттин негизинде кыргыз тили үчүн 3 долбоор иштеп чыгышты

Санариптик өнүктүрүү министрлиги IT адистери жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте кыргыз тилинин негизинде жасалма интеллектти колдонуу боюнча программаларды жана тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча иштерди күчөтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жасалма интеллектти колдонуу менен IT-долбоорлор боюнча жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөн хакатондун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде билдирди.

Хакатонго 200дөн ашык адам катышып, 34 долбоор мыкты деп табылган. Хакатондун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөргө мүмкүндүк берген долбоорлор табылды: дүйнөнүн 70 тилиндеги сөздү кыргыз тилиндеги аудио форматка которуу; кыргыз тилиндеги текстти аудиого которуу; көрүүсү начар жана азиздер үчүн телефондун камерасын колдонуу менен тартууланган сүрөттү кыргыз тилиндеги аудиого айландыруучу тиркеме.

Эдил Байсалов хакатондун жеңүүчүлөрүн куттуктап, алардын долбоорлору мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошо алаарын белгиледи.

 «Жасалма интеллектти колдонуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул долбоорлор тилибизди сактап калуу жана өнүктүрүү үчүн технологияны кантип колдонсо болоорун көрсөткөн айкын мисалдар. Андыктан Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улуттук мамлекеттик тил комиссиясы жана IT адистери менен биргеликте колдонууга боло турган тиркемелерди иштеп чыгууга күч-аракетин жумшашы керек. Мындан тышкары, математика жана башка маанилүү предметтер боюнча AI репетитору сыяктуу жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен билим берүүчү тиркемелерди иштеп чыгуу артыкчылыктуу болуп саналат, аны өлкө боюнча он миңдеген мектеп окуучуларыбыз колдоно алышат», — деди Эдил Байсалов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>