Казакстандагы тополоңдо жоголгон журналист дале табыла элек

Казакстандагы тополоңдо жоголгон журналист дале табыла элек

Казакстанда январдын башындагы нааразылыктар маалында дайынсыз жоголгон журналист Махамбет Абжан дале табыла элек. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

— Адвокат ИИМге кайрылган, ал жактан Махамбет кармалбаганын билдиришти. Бирок биз жазуу түрүндө расмий жооп бергиле деп талап кылып жатабыз. Биздин мындан аркы кадамыбыз жоопто эмне деп жазылганына жараша болот», — деди журналисттин жубайы Гульзира Дуйсембаева.

4-январда Нур-Султан шаарындагы нааразылык акциясын чагылдырган Махамбет Абжан соцтармактардагы баракчасына 5-январга караган түнү үйүнө полиция кызматкерлери келгенин, ал эшикти ачпай койгондон кийин алар жарык менен интернетти өчүрүп салышканын жазган. Журналисттин жубайы полиция кызматкерлери аларды газ колдонобуз деп коркутканын билдирүүдө.

5-январда Махамбет Абжан жашаган үйгө барган «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчылары анын батиринин кире беришинде үч полиция кызматкери турганын көрүшкөн. Алар Абжандын батириндеги ызы-чууга даттанган тургундардын кыйрылуусу менен келгенин айтышкан. Бирок журналисттин коңшулары ызы-чуу полиция келгенден кийин гана башталганын билдиришкен.

Гульзира Дуйсембаеванын айтымында, полиция кызматкерлери 6-январга караган түнгө чейин батирдин алдында эшикти ачууну талап кылып турушкан. Эртеси журналист сыртка чыгып, ошол бойдон кайтып келген эмес. 12-январда полиция Абжан кармалбаганын билдирген.

Абжандын жубайы азырынча күйөөсү дайынсыз жоголгон жарандардын тизмесинде жок экенин билдирүүдө.

11-январда Ички иштер министрлиги нааразылык акциялардан кийин жалпы өлкө боюнча дээрлик 10 миң киши кармалганын билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, январь окуяларында кеминде 225 киши, анын ичинде 19 күч түзүм кызматкери каза болгон. Көз жумгандардын бир бөлүгүн бийлик «теракттарга катышкан куралчан бандиттер» деп атоодо. Азырынча калк арасында өлгөндөрдүн так саны белгисиз. Бүгүнкү күндө укук коргоочулар тобу каза болгон, жаракат алган, кармалган жана дайынсыз жоголгон адамдар боюнча маалыматтарды топтоп жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>