Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган 30 адам ооруканадан чыга элек

Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган 30 адам ооруканадан чыга элек

27-декабрда Алматы аэропортунда кырсыкка учураган учактын ичиндеги 98 кишинин 30у ооруканада. Алардын ичинде жети бала бар. Бул тууралуу Алматы шаардык коомдук саламаттык сактоо департаменти билдирди.

Жаракат алгандардын бирөө жандандыруу бөлүмүндө. Үч киши санитардык авиация менен Нур-Султанга жеткирилген.

Дарыгерлер 22 операция жасаган, алардын баары ийгиликтүү болгон.

Департамент билдиргендей, катастрофа күнү Алматыдагы ооруканага 69 жабырлануучу жеткирилген.

27-декабрда таңга маал Алматы аэропортунан асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган учактын ичинде 98 киши богон. Кырсыктан 12 адам каза тапкан.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кырсык боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялаган.

Бул кырсыктан кийин казак бийлиги Bek Air авиациялык компаниясынын ишин белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>