Бишкекте 13-июнда «Night Run» түнкү чуркоо марафону өтүп, айрым жолдор жабылат

09.06.2026 | 16:20
Бишкекте 13-июнда «Night Run» түнкү чуркоо марафону өтөт — новости Кыргызстана

13-июнда Бишкек шаарында салттуу «Night Run» түнкү чуркоо марафону уюштурулат. Мэриянын маалыматында, спорттук иш-чарага 3 миң 500дөн ашык адам катышары күтүлүүдө.

Марафон «АЮ-Гранд» соода борборунун жанынан башталып, саат 19:30дан 23:00гө чейин созулат. Чуркоо багыты Шабдан Баатыр проспектиси (Лермонтов көчөсүнөн М. Ауэзов көчөсүнө чейин) жана Чокан Валиханов көчөсү (Анкара көчөсүнөн Шабдан Баатыр проспектисине чейин) аркылуу өтөт.

Иш-чарага байланыштуу 13-июнда саат 20:30дан 23:00гө чейин аталган тилкелерде унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Марафонду «Nomad Sport» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурууда. Шаардык кызматтар айдоочуларды жол кыймылындагы чектөөлөрдү эске алуу менен маршруттарын алдын ала пландаштырууга чакырат.

Scroll to Top