Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Казакстандын Орусиядагы мурдагы элчисинин уулун атып кетти
11.01.2022 | 14:21
Аль-Фараби атындагы КазМУнун ректорунун, Казакстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Жансейит Түймебаевдин уулу каза болгону тастыкталды. Бул тууралуу “Ордо” басылмасы жазып чыкты.
«6-январда борбор калаанын убактысы боюнча саат 18:35 чамасында коменданттык саат башталганга чейин Эльнар (Жансейит Түймебаевдин уулу) Алматыдагы Назарбаев проспектисин бойлой үйгө кайтып келе жаткан. Сатпаев көчөсүнө жетпей бурчтагы светофордон белгисиз бирөөлөр анын унаасына ок чыгарган. Жигит ошол жерден каза болгон», – деп айтылат университеттин маалыматында.
Жансейит Түймебаев президенттин кеңешчиси, Казакстандын Орусиядагы элчиси, Билим берүү министри, Түркстан облусунун акими болгон.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар