Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бишкекте эркек киши лифттин эшигине кыпчылып каза болду
11.01.2022 | 14:28
11-январда борбор калаанын Октябрь районундагы Улан-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн лифтинде бир адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, 38 жаштагы эркек киши (А.К.) коляскадагы баласы менен лифтке кирип бара жатып, белгисиз себептерден улам лифт өзүнөн-өзү иштеп, анын эшиги эркек кишини кыпчып калган. Кырсыктын кесепетинен ал жеринен каза болгон. Бирок коляскадагы бала жабыркаган эмес.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом